Бажыдагы коррупция боюнча айыпка жыгылган Боронбаев парламентте ант берди

Абдыбахаб Боронбаев.

Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаев 13-апрелде Жогорку Кеңеште ант берди. Ал “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мурдагы лидери, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп кеткен Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди.

Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаевге Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын 1-апрелде тапшырган. Боршайкомдун жыйынында Боронбаевдин соттуулугу жок экени белгилүү болгон.

“Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери 2019-жылы кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп, кайра бошотулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген. Алардын көбү жумуштан алынып, айрымдарынын бул ишке тиешеси жок экени аныкталганы кабарланган.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Нурлан Ражабалиев 12 млн. сом, Абдыбахаб Боронбаев 8 млн. сом бюджетке төккөн. Нурлан Ражабалиев былтыр 28-ноябрда өткөн шайлоодо №2 Баткен шайлоо округунан депутаттыкка шайланды. Анын да соттуулугу жоюлган.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет. (BTo)

Дагы караңыз

Байден Орусиянын Украинада кылгандарын геноцид деп атадыНарында Куланак ГЭСин курууга жеке жактарга уруксат берилдиИИМ: үч айда турак жай кооперативдери боюнча 73 иш козголдуАдвокат: камактагы блогер Жолболдуева жанын кыюуга аракет кылды Кадырбеков Кумтөр боюнча макулдашууну сындадыОппозиция бийликти Кумтөр боюнча келишимден баш тартууга чакырдыИИМ камактагы блогер өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганын ырастадыМашинелерге милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу каралган мыйзам долбоор даярдалат