ИИМ: үч айда турак жай кооперативдери боюнча 73 иш козголду

Ички иштер министрлиги

Ички иштер министрлигинен жыл башынан бери кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөнүн билдирди.

Алдын ала маалыматта 139 жаран жабыр тарткан, чыгымдын жалпы суммасы 66 млн. 641 миң сомду түздү.

Бишкек шаарында “Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 иш козголуп, 11 млн. сом чыгым аныкталган. Кооперативдин шек саналган директору камалган.

“Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча азыркы учурда бир кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 16 миллион сомдон ашык. Арыз менен 30 жаран кайрылган.

S-Line кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгым 35 миллион 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган. Андан сырткары, “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Жарандарга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы такталууда.

Расмий маалыматка караганда, турак жайга муктаж катары мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине 50 миңден ашык үй-бүлө кайрылган.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде экени айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылып келет. (JsA)

Дагы караңыз

Адвокат: камактагы блогер Жолболдуева жанын кыюуга аракет кылды Кадырбеков Кумтөр боюнча макулдашууну сындадыОппозиция бийликти Кумтөр боюнча келишимден баш тартууга чакырды