Санкт-Петербург: мекендештерин тоногон эки кыргыз жараны камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчигиги Санкт-Петербург шаарында кыргыз жарандары аралашкан окуя тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, аталган шаарда 11-апрелде эки кыргыз жараны мекендештерин тоноп, телефондорун жана акчаларын тоногон деген шек менен кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (каракчылык) менен айып коюлду.

"Иштин бардык жагдайларын тактоо жана расмий билдирүү алуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул мамлекеттин тиешелүү органдарына суроо-талап жиберди", деп айтылат маалыматта.

Орусияда өзүнүн журтташтарын тоногон кыргызстандыктар буга чейин дагы катталган.

Орусияда иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны расмий бир миллиондон ашты.

Дагы караңыз

Чек ара чыры: сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Лейлекте өтөт Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов үй камагына чыктыАдвокат: камактагы блогер Жолболдуева жанын кыюуга аракет кылды Чек арадагы чырда октун чачырандысы тийген жоокердин абалы орто Русланбек Акматалиев Асман шаарын куруу долбоорунун башчысы болду