Чек арадагы чырда октун чачырандысы тийген жоокердин абалы орто

Учурда жараат алган жоокерди Лейлектен Бишкектеги же Ош шаарындагы госпиталга которуу жагы караштырылып жатат.

Бул тууралуу Лейлек райондук ооруканасынын башчысы Алымкул Абдиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жоокердин бутуна, санына жана таманына октун чачырандылары тийген, абалы орто, операция жасалган жок. Жоокерди Бишкектеги же Ош шаарындагы госпиталга которуу жагы караштырылып жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууда Кыргызстандын эки жараны, бир жоокер менен жергиликтүү тургун жараат алганын билдирген. Жараат алган жергиликтүү тургунга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин анын абалы канааттандырарлык болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин таңкы саат 7де “Азаттыкка” билдирген маалыматына ылайык, чек арадагы соңку ок атышууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктай элек. Аймакта абал салыштырмалуу туруктуу.

Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү 13-апрелге караган түнү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде башталган.

Тараптар алгач жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча күчтөрдү кайра артка чыгарууну макулдашканы маалымдалган.

Тажикстан соңку окуя жана сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды. Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганы маалымдалды.

“Азаттыктын” тажик кызматы жеке булактарына таянып анда 27 жаштагы Тажикстандын жоокери жаракат алып, операция жасалып жатканын жазган.

Дагы караңыз

Жемкорлукту айтып чыккан айыл башчылардын баш коргоо чарасы каралуудаРусланбек Акматалиев Асман шаарын куруу долбоорунун башчысы болду Саламаттык сактоо министрлиги: чек арадагы атышууда эки адам жараат алды Лейлек: чек арадагы айылдардын тургундары үйлөрүнө кайтып барды Украина: үй камагынан качкан орусиячыл саясатчы Медведчук кармалды