Саламаттык сактоо министрлиги: чек арадагы атышууда эки адам жараат алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууда Кыргызстандын эки жараны, бир жоокер менен жергиликтүү тургун жараат алганын билдирди. Аскер кызматкери учурда Лейлек районунун ооруканасында жатат, биринчи хирургиялык жардам көрсөтүлдү жана абалы орточо оор.

Жараат алган жергиликтүү тургунга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин анын абалы канааттандырарлык болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин таңкы саат 7де “Азаттыкка” билдирген маалыматына ылайык, чек арадагы соңку ок атышууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктай элек. Аймакта абал салыштырмалуу туруктуу.

Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү 13-апрелге караган түнү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде башталган.

Тараптар алгач жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча күчтөрдү кайра артка чыгарууну макулдашканы маалымдалган.

Тажикстан соңку окуя жана сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды. Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганы маалымдалды.

“Азаттыктын” тажик кызматы жеке булактарына таянып анда 27 жаштагы Тажикстандын жоокери жаракат алып, операция жасалып жатканын жазган.

Дагы караңыз

Чек арадагы жаңжалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү уланып жатат Алимбаев чек арада ок атышуу токтогонун айттыЧек ара кызматы: кошумча тартылган күчтөр артка кайтарылуудаЛейлек: чек арадагы айылдардын тургундары эвакуациялануудаКыргызстан тажик тарап чек арага кошумча күч тартканын маалымдады