Кыргызстан тажик тарап чек арага кошумча күч тартканын маалымдады

Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылы. Баткен облусу. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп билдирди. Бирок чыңалуу сакталып турат.

Ага чейин мекеме 12-апрелде саат 22:50дө Лейлек районунун чек аралаш айылдарын миномет менен аткылоону токтотуп, 20 мүнөттөн кийин Баткен районунун “Радар-1” аймагын мезгил-мезгили менен аткылаганын кабарлаган.

"Мындан тышкары ок атышуу орун алган аймакка Тажикстан тараптан кошумча куралдуу күчтөр тартылганын" кабарлаган.

Маалыматка караганда, аймакта күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов координациялап жатат.

Учурда Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү өтүп жатат.

Анда окуя болгон аймакка тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайра чыгаруу макулдашылды. Эки тараптын сүйлөшүүсү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жүрүп жатканы кабарланды.

Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, тажик тараптан бир чек арачы октон жараат алганын кабарлады. Ок атышуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон. Бирок, сүйлөшүү жүрүп жаткан маалда кайра ок атышуу болуп, кыргызстандык бир чек арачы жараат алган. Анын абалы оор, Лейлектеги ооруканада дарыгерлер операцияга даярдап жатканы белгилүү болду.

Тажик чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылап, кийинчерээк ал токтогону кабарланган.

Ок атышууда тажикстандык 27 жаштагы жоокер жаракат алып, операция жасалып жатканын жеке булактарына таянып “Азаттыктын" тажик кызматы жарыялады.

Тажиктандын бийлиги окуя боюнча расмий маалымат бере элек.

Дагы караңыз

Чек ара кызматы: кошумча тартылган күчтөр артка кайтарылуудаКыргыз-тажик чек арасында ок атылдыАлимбаев чек арада ок атышуу токтогонун айттыЛейлек: чек арадагы айылдардын тургундары эвакуацияланууда