Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Ирандагы түрмө кызматкерлерин адам укуктарын болуп көрбөгөндөй бузуп жатканы үчүн айыптады.
Уюмдун 12-апрелде жарыялаган баяндамасында Иран бийликтери камактагы миң адамдын өлүмү боюнча кандайдыр бир көз карандысыз иликтөө жүргүзүүдөн баш тартканы жазылган. Алардын өлүмүнө медициналык жардамдын убагында көрсөтүлбөгөндүгү себеп болгону белгиленген.
"Иран бийлигинин адам өмүрүнө жасаган кыянат мамилесинен улам ал жактагы түрмөлөр өлүмдү күтүүчү жайларга айланган. Айыгып кете турган адамдар өлүп калган", -деди Amnesty International уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча жетекчисинин орун басары Дайана Эльтахави.
Анын айтымында, камактагы адамга медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу адам өлтүрүүгө барабар.
Уюм ошондой эле камакта көз жумгандардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгиледи. Баяндамада 96 адамдын 64ү түрмөдө, ал эми 26сы ооруканага которуп жаткан маалда көз жумганы жазылган. Аларды дагы «атайлап» ооруканага кеч жеткиришкени белгиленет.
Amnesty International Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши сот иштеринин адилеттүү жүрүшүнө көмөктөшүү максатында Иранда жасалган олуттуу кылмыштарды, адам укуктарын бузуу фактыларын топтоп, анализдеп, иликтөө үчүн атайын механизм иштеш керек деген тыянакка келген.
Дагы караңыз
Евробиримдик орус авиакомпанияларын "кара тизмеге" киргиздиОрусия Мариуполдо химиялык курал колдонгонбу?Тегеран "Талибандан" Ирандын консулдуктарын коргоону талап кылдыКыргызстанда эркектер аялдарга караганда сегиз жылга аз жашайт