“Ысык-Көл” мейманканасынын карызын төлөөгө 42,5 миллион сом бөлүнөт

“Ысык-Көл” мейманканасын бузуу иштерин башталган учур. 27-декабрь, 2021-жыл.

Бишкектеги бузулуп жаткан “Ысык-Көл” мейманканасынын карызын төлөө үчүн бюджеттен 42,5 миллион сом бөлүү каралууда.

Бул маселе Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 11-апрелдеги жыйынында талкууланып, өкмөттүн сунушу колдоо тапты. Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева мейманкананын карызы тууралуу маалымат берди.

“42 миллион сомдун 17 миллион сому салыкка болгон карызга төлөнөт. 12 миллион сому социалдык төлөм, 9,3 миллион сому маянага, 2,1 миллион сому “Түндүк электр”ишканасына болгон карыз. 57 миң 500 сом “Бишкек суу канал” ишканасына берилет. 1 миллион 108 сом Социалдык фонд боюнча соттун чечимине, 99 миң 698 сом соттун чечими менен эсептелген мамлекеттик алым боюнча карыз”, - деди Дүйшеева.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы былтыр декабрь айында бузула баштаган. Бул иштер үчүн ушул күнгө чейин бюджеттен 9 миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталганы белгилүү болду. Бузуу иштерин мамлекеттик “Кыргыз строй сервис” ишканасы аткарууда.

Бийлик “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс курууну пландап жатат. Президенттин иш башкармалыгы инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады.

Иш башкармалык мейманкана көп жылдан бери каралбай, эскирип авариялык абалга келгенин, аны пайдалануу кооптуу экенин жүйө кылган. Конок үйүнүн бузулушу айрым саясатчылар менен адамдардын сынына кабылган.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган. (BTo)

Дагы караңыз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүү уланууда Орусия күчтөрү Украинанын чыгышында топтолууда “Экспресс-Строй KGнин” башчысы Бишкек мэриясынын маалыматын четке какты Бишкекте дубалы ураган үйгө байланыштуу эки адам камалды Камактагы Базаркулов сөз эркиндигине кысым болуп жатканын айттыАзамат Сакиев: вагондор сатылган фактыны иликтөө аяктай элек Сабиров “Экспресс-Строй KG” тууралуу комментарий берди