Алтайдан Таласка 35 марал алып келинет

Иллюстрация сүрөт. Нарындагы "Бугу-марал" жаратылыш коругу.

Орусиянын Алтай Республикасынан Таласка 35 баш марал алып келүү каралууда. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облус башчы Бакытбек Нарбековдун Алтай Республикасына болгон иш-сапарынын алкагында макулдашылып, саны азайып бараткан маралдардын популяциясын калыбына келтирүү, көбөйтүү максатында Бакай-Ата районундагы Үр-Марал өзөнүнө 35 марал коё берилет.

Иш-чара тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата уюштурулууда. (MKt)

Дагы караңыз

Next TV каналынын кызматкери милицияда сурак берип чыктыКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүү уланууда Бишкекте дубалы ураган үйгө байланыштуу эки адам камалды Камактагы Базаркулов сөз эркиндигине кысым болуп жатканын айтты