Камактагы журналист Куттумидин Базаркулов ага козголгон кылмыш ишин сөз эркиндигин чектөө катары баалады. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтты.
12-апрелде Жалал-Абад шаардык сотунда журналисттин соту болбой калды. Куттумидин Базаркуловдун жактоочулары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн шаардык сот канааттандырган эмес. Алар облустук сотко апелляциялык даттануу менен кайрылгандыктан 12-апрелде шаардык соттогу отурум жылдырылды.
“Менин кармалганым - сөз эркиндигине болгон кысым. Эркиндикти кишендешти. Ал эми облустук телеканалдагы айтылып жаткан 5 миллион 714 миң сомдук техникалар келген. Анын баары эсепчиден өткөн. Мунун баары жалган жалаа болгон. Соттук отурумдун баары мен жок эле өттү. Кээ бир учурларда жактоочум жок да болду. Бүгүн да соттук процесс жылып кетти. Сөз эркиндигин камсыздабаса, бүгүнкү бийликке жакшы сөз алып келбейт”, - деди Базаркулов.
24-мартта анын кан басымы көтөрүлүп убактылуу кармоочу жайга “Тез жардам” чакыртылган.
Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркуловду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) аны 2021-жылдын 27-ноябрда үйүнөн кармаган. Базаркулов “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда.
Куттумидин Базаркулов Жалал-Абад облустук телерадио компаниясын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан. Ал акыркы жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап жүргөн. (TB)
Дагы караңыз
Азамат Сакиев: вагондор сатылган фактыны иликтөө аяктай элек Сабиров “Экспресс-Строй KG” тууралуу комментарий бердиПрезидент “Азаттыктын” каарманына батир берүүнү тапшырдыОрусия Бишкек-Самара, Бишкек-Новосибирск поезд каттамына уруксат берди "Жашыл мурас": мекемелер тигилген көчөт тууралуу ай сайын отчет берет Next TV каналынын кызматкери милицияда сурак берип чыктыИштеген аскер кызматкерлеринин пенсиясын жоюу сунушу сынга кабылдыNext TV телеканалынын кызматкери милицияда сурак берүүдөАкыйкатчы ИИМдин жетекчилигине жарандык кызматкерлерди кошууну сунуштады