"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башчысы Азамат Сакиев 12-апрелде парламенттин тармактык комитетинде 2020-жылы октябрда вагондордун сатылышына байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу депутаттын суроосуна жооп берди. Анда бул колдонуудан чыккан вагондор болгонун, тергеп-иликтөө аяктай электигин айтты.
"Вагондордун эскилиги жетип, колдонуу мөөнөтү аяктаганда Транспорт министрлиги жана Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду менен бирге комиссия түзүлөт. Анда мамлекеттик сатып алуулардын алкагында аукцион өткөрүп, баасын аныктап, андан кийин колдонуудан чыккан вагондорду сатууга уруксат берилет. Жогорудагы вагондорго байланыштуу ушундай жол-жоболор жасалган эмес. Ошондуктан кылмыш иши козголгон",-деди Сакиев.
Мындан эки жыл мурда ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы (Финполиция) "Кыргыз темир жолунун" Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси камакка алынганы билдирген. Ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген берене менен айынп коюлган.
Финполиция анда ишкананын жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун мыйзамсыз талкалап салышкан. Натыйжада бюджеттен ири көлөмдө зыян келтирилген", деп маалымдаган.
Дагы караңыз
Орусия Бишкек-Самара, Бишкек-Новосибирск поезд каттамына уруксат берди "Жашыл мурас": мекемелер тигилген көчөт тууралуу ай сайын отчет берет Иштеген аскер кызматкерлеринин пенсиясын жоюу сунушу сынга кабылдыАкыйкатчы ИИМдин жетекчилигине жарандык кызматкерлерди кошууну сунуштады Баткенди өнүктүрүү долбоорун АРИСке берүү сунушу сынга кабылды