Орусия Бишкек-Самара, Бишкек-Новосибирск поезд каттамына уруксат берди

Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган.

Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 12-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. Ал ошондой эле, Орусия өзүнүн темир жолун оңдоп-түзөп жатканына байланыштуу Бишкек-Москва поезд каттамы 2023-жылга чейин жанданбайт деген жооп алышканын айтты.

Февраль айында Казакстан өзүнүн аймагы аркылуу поезд менен кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн катташына уруксат берген. Бул маселе 15-16-февраль күндөрү Алматыда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу боюнча жумушчу топтун жыйынында кабыл алынган.

Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган. Ага чейин жумасына эки жолу Бишкек - Москва, сегиз күндө бир жолу Бишкек - Новосибирск жана аптасына бир ирээт Бишкек - Казань каттамы болгон.

Дагы караңыз

"Жашыл мурас": мекемелер тигилген көчөт тууралуу ай сайын отчет берет Иштеген аскер кызматкерлеринин пенсиясын жоюу сунушу сынга кабылдыАкыйкатчы ИИМдин жетекчилигине жарандык кызматкерлерди кошууну сунуштады Баткенди өнүктүрүү долбоорун АРИСке берүү сунушу сынга кабылды Санарип министрлиги: балдарын мектепке берчүлөр кезексиз тейленет