Публицист Баратбай Аракеев дүйнөдөн кайтты

Маркум Баратбай Аракеев.

Белгилүү журналист, публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Баратбай Аракеев 11-апрелде 72 жашында көз жумду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери билдирди. Кесиптештеринин айтымында, ал мындан эки-үч ай мурун инсульт болгон.

Аракеев Кыргызстандагы бир катар эркин басылмаларда журналист болуп эмгектенип, саясий курч макалаларды жазган. Ошондой эле жазуучу катары дагы ысымы белгилүү эле. Анын сөөгү 13-апрелде өзү туулган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында жерге берилет.

Дагы караңыз

Бишкекте Украинага гумжардамдын биринчи партиясы чогултулдуNext TV телеканалынын кызматкери милицияда сурак берүүдөБоррел Орусияга дагы санкциялар салынышы ыктымалдыгын билдирдиТокмокто жүк ташыган айдоочулар нааразылык акциясын өткөрдүОрус рубли наркын жогото баштадыКазакстандын прокуратурасы Январь окуяларына аралашкан кылмыш топторун атадыАзамат Аспеков тергөө аяктаганга чейин камалдыПакистанда Шахбаз Шариф өкмөт башчылыкка дайындалды