“Жардам берүү оңой” (“Помогать легко”) коомдук фондунун негиздөөчүсү Динара Аляева Бишкекте Украинага гуманитардык жардамдын биринчи партиясы чогултулганын билдирди.
Ал Кыргызстандын балы, азык-түлүк, жылуу жууркан-төшөктөр жана башка керектелүүчү буюм-тайымдар жыйналганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Жүктү Украинага Варшава аркылуу жеткирүү пландалып жатат.
Динара Аляева гуманитардык жардам чогултуу дагы улантыларын айтты. Жардам берүүнү каалагандар Бишкектин Жаш Гвардия 71а дарегинде жайгашкан Биринчи балдар хосписине кайрылса болот.
Буга чейин март айынын башында айрым активисттер “Жаша Украина” деген аталыштагы акчалай жардам чогултуу өнөктүгүн баштаган.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Донбасстагы калкты коргоо” тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.
Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет. (BTo)
Дагы караңыз
Токмокто жүк ташыган айдоочулар нааразылык акциясын өткөрдүОрус рубли наркын жогото баштадыКазакстандын прокуратурасы Январь окуяларына аралашкан кылмыш топторун атадыАзамат Аспеков тергөө аяктаганга чейин камалдыПакистанда Шахбаз Шариф өкмөт башчылыкка дайындалдыЧек ара боюнча жумушчу топтордун сүйлөшүүсү Дүйшөмбүдө өттүЖикчил Түштүк Осетияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөтЖарасул Абдураимов “Кыргызалтындын” жетекчиси болуп дайындалды