Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел 11-апрелде билдиргендей, Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы дагы санкциялар салынышы ыктымал.
Люксембурдагы шаркетке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына келгенде Боррел журналисттерге "даяр санкциялар ар дайым столдун үстүндө" деди.
27 мамлекеттин айрымдары орус мунайынан толугу менен баш тартууга чакырышкан. Башкалары бул кадам экономикага кедергисин тийгизет деген жүйө менен карманып турушат.
Ал арада Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан менен жолугуп, Украинада орус аскерлери барган ыктымал согуш кылмыштарын талкуулашат.
Москва карапайым тургундарга сокку урганын четке кагып келет, анткен менен Украинада карапайым адамдарга каршы жасалган аёосуз мамилелерди далилдеген көп видео-сүрөттөр чыгып жатат.
Дагы караңыз
Орус рубли наркын жогото баштадыКазакстандын прокуратурасы Январь окуяларына аралашкан кылмыш топторун атадыАзамат Аспеков тергөө аяктаганга чейин камалдыПакистанда Шахбаз Шариф өкмөт башчылыкка дайындалды