Жикчил Түштүк Осетияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт

Жикчил Түштүк Осетиядагы шайлоодо добуш берип жаткан аял. 10-апрель, 2022-жыл.

Грузияга караштуу жикчил Түштүк Осетияда президенттик шайлоодо ат салышкан беш талапкердин бири да 50% дык босого ченден өтө алышкан жок.

Аймактын Боршайкомунун башчысы 11-апрелде билдиргендей, бюллетендердин 95% саналып бүткөндөн кийин, добуш бергендердин 33,5% азыркы де-факто президент Анатолий Бибиловду колдогону маалым болду.

Ал эми анын башкы атаандашы, "Ныхас" партиясынын лидери Алан Гаглоев добуштардын 36,9% алды.

Эми расмий жыйынтык чыгарылгандан 15 күндөн кийин шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү керек.

АКШ, Евробиримдик жана Грузия 10-апрелде өткөн добуш берүүнү мыйзамсыз деп атап, анын жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришкен.

Орусия Грузия менен 2008-жылы болгон согуштан кийин Түштүк Осетия жана Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган. Тблиси эки аймакты тең Грузиянын бөлүгү катары эсептейт. Эки жикчил аймакта тең миңдеген орус аскерлери жайгашкан.

Дагы караңыз

Жарасул Абдураимов “Кыргызалтындын” жетекчиси болуп дайындалдыЗеленский Украинага кошумча жардам өтө зарыл экенин билдирдиМэрия “Экспресс-Строй KG” менен келишим түзүлбөгөнүн билдирди