Бишкек шаардык мэриясы борбордо мектептерди куруу боюнча “Экспресс-Строй KG” компаниясы менен азырынча келишим түзүлбөгөнүн билдирди. Бирок мекеме тараткан маалыматка ылайык, мектептердин курулушуна подрядчы болуу тууралуу ишканадан сунуш түшкөн.
Мэрия бардык иштер мамлекеттик сатып алуулар мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөрүн, кошумча дагы маалымат берилерин кабарлады.
Министрлер кабинетинин 24-марттагы жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаарга мектеп курууга мэрия “Экспресс-Строй KG” компаниясын тандаганын айткан. Ал ишкана жаңы технологияны колдонуп, курулушту беш айдын ичинде бүтүрүп бере турганын кошумчалаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги мектептерди аты, ээси дээрлик белгисиз “Экспресс-Строй KG” деген компания курганы жатканын жазды.
Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкекте быйыл 15 мектеп курулары айтылган. (BTo)
Дагы караңыз
Балдарын электрондук кезекке тургуза албай жаткандар министрликке бардыЗеленский Украинага кошумча жардам өтө зарыл экенин билдирдиПрокуратура: мас айдоочуларды жашырган ИИМ кызматкерлери аныкталдыThe Times: Швеция менен Финляндия жакында НАТОго кошулушу мүмкүнДүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы быйыл 5% төмөндөшү мүмкүнЗеленский алдыдагы жума оор болорун эскертти