COVID-19: оору жуккан учур эки күн катары менен катталган жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус жуктуруп алгандар катталбаганын билдирди. Ушуну менен экинчи күн катары менен СOVID-19дун жаңы учуру аныкталган жок.

Соңку бир күндүн аралыгында 840ка жакын ПЧТ-тест алынды.

Өлкөдө ооругандарын жалпы саны 200 970 адам болду, 2991 бейтап көз жумду.

Ушул тушта ооруканаларда жаткан 71 бейтаптын ичинен төртөөнүн абалы өтө оор, дагы 29 адам орточо оор абалда. Үйлөрүндө 14 адам дарыланууда.

Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллиондон ашык адам алды, ал эми толук эмделгендер 1,2 миллиондон көп. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден ашуун кишиге сайылды.

Дагы караңыз

Москвада Путин менен Австриянын канцлери жолугат Токтогулда “Ата-Журт Кыргызстан”, Таш-Көмүрдө “Жаштар” партиясы жеңди Кара-Балтадагы шайлоодо “Ишеним” партиясы алдыга чыктыУкраина тогуз гуманитардык коридорду колдонотФранциядагы шайлоодо Макрон менен Ле Пен экинчи айлампага чыкты