Кара-Балтадагы шайлоодо “Ишеним” партиясы алдыга чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-апрелде Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаардык кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, шайлоочулардын 35,28% (10926 адам) катышты жана алты партия ат салышты.

БШКнын маалыматына ылайык, “Ишеним” партиясы 23,66% добуш менен алдыга чыкты. Андан кийинки орунду “Күчтүү коом – сильное общество” партиясы 19,73% добуш менен ээледи. Социал демократтар үчүнчү (16,90%) болду.

Кара-Балтада “Ыйман-Нуру” 14,26%, “Альянс” 13,99%, “Эл аман” партиясы 9,09% добуш топтоду.

Жекшембиде Кара-Балтадан сырткары Жалал-Абад облусундагы Токтогул жана Таш-Көмүр шаардык, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 13 айылдык кеңешинде шайлоо өттү.

Алар: Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт, Тоң районунун Кажы-Сай, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо, Ат-Башы районунун Казыбек, Араван районунун С. Юсупов, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештери.

13 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 243, алардын ичинен 96 мандат аялдардын квотасы. Айылдык кеңештерге жалысынан 515 талапкер ат салышты, алардын 170и аялдар.

Дагы караңыз

Франциядагы шайлоодо Макрон менен Ле Пен экинчи айлампага чыктыУкраина тогуз гуманитардык коридорду колдонотБерлускони Путинден "катуу көңүлү калганын" айттыУкраина: Бузовада жай тургундар көмүлгөн жапырт көрүстөн табылдыЛейлектин Достук айылынын тургундары нааразылык акциясына чыгышты