Францияда 10-апрелдеги президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Эммануэл Макрон менен ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен көп добуш алып, экинчи айлампага чыкты.
France Télévisions улуттук телеканалынын маалыматына ылайык, Макрон анда 28,1% , ал эми анын атаандашы Ле Пен 23,3% добуш алды. Шайлоодо 20,1% добуш менен ашынган солчул талапкер Жан-Люк Меленшон үчүнчү болду.
Президенттикке жалпысынан 12 талапкер ат салышты жана добуш берүү 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу кыйла солгун болду.
Саясат таануучулар экинчи айлампада Макрон менен Ле Пендин атаандаштыгы мындан беш жыл мурдагыга караганда курч болорун айтып жатышат.
2017-жылдагы шайлоодо Эммануэл Макрон 66% добуш менен жеңип чыккан. Ал эми Ле Пенди шайлоочулардын 34% колдогон.
Дагы караңыз
Украин бийлиги Орусия катуу чабуул коет деп кооптонууда Жөргөмүштөр добушту желеси аркылуу угат Мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүү сунушу талкууда