Соңку 20 жылда биринчи жолу кыргыз элчиси Израилде ишке киришти

Элчи Өмүралиев менен Израилдин президенти Ицхак Герцог.

7-апрелде Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев Иерусалим шаарында Израилдин президенти Ицхак Герцогго ишеним грамотасын тапшырды.

Герцог Твиттерге жазгандай, Өмүралиев соңку 20 жыл ичинде Израилге дайындалган биринчи кыргыз элчиси болуп калды.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиги маалымдагандай, элчи Өмүралиев президент Герцог менен жолугушуусунда эки өлкөнүн айыл чарба, туризм, билим берүү, илим сыяктуу бир катар тармактардагы кызматташтыгына өзгөчө маани берилерин билдирди.

Ошондой эле туризм, кош салык салуудан качуу, инвестицияны коргоо жана эркин соода тармагында келишимдерге кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Кубанычбек Өмүралиев соңку үч жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келе жатат. Ал 2021-жылдын июль айында бул кызматынан тышкары Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалган. Бул чечимге ылайык, Анкарадагы элчилик Израилди да тейлейт.

Кыргызстан менен Израилдин ортосунда дипломатиялык байланыш 1992-жылы түзүлгөн.

Дагы караңыз

Муса Жаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болдуАкылбек Жапаров: президент соцтармактарга көз салып турат (видео) Жапаров: министр Бейшеналиев боюнча жакында чечим кабыл алабызЖапаров: Акцияга чыккандарды мыйзамсыз кармаганы үчүн ИИМ жооп беретОшто Апрель окуясы эскерилбеди деп нааразы болгондор өкүлчүлүккө келишти