Муса Жаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болду

Президент Садыр Жапаров 8-апрелде Муса Жаманбаевди Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаманбаев буга чейин президенттик администрациянын Протокол кызматынын жетекчиси болгон.

Буга чейинки элчи Ибрагим Жунусов былтыр жыл аягында кызматтан бошотулган. Ал элчи болуп 2018-жылдан тарта иштеп жаткан жана соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Ошол маалда Жунусовдун ордуна Фархат Иминов сунушталып, тымызын дайындалганы жатканы тууралуу парламентте айтылган эле.

Дагы караңыз

Бишкек ЖЭБдин кызматкерлери көчүрүүгө каршы акцияга чыгышты УКМК Исмаилов менен Алимжановдун диплому жасалма экенин БШКга билдирди Атамбаевди сотко мажбурлап алып алып келүү тууралуу чечим чыкты Акылбек Жапаров: Лейлектеги жер чыры инвентаризациядан чыкты