Ошто 7-апрель - Элдик революция күнү эскерилбеди деп 30га жакын адам нааразылыкка чыкты. Алар облустук администрация менен шаардык мэрия жайгашкан имараттын алдына чогулушту.
Президенттин Ош обулусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Мурадил Тешебаев 7-апрель окуясы үчүн облустук казынадан 50 миң сом бөлүнгөнүн билдирип, бирок расмий иш-чара эмнеге өтпөй калганынын чоо-жайын түшүндүргөн жок.
Ош мэриясынын өкүлү Максуда Айдарбекова иш-чара уюштурууга мэр тарабынан тапшырма болбогонун билдирди.
2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.
Апрель окуясынын 12 жылдыгы Бишкекте жана бир катар аймактарда белгиленди. (ArN)
Дагы караңыз
Окко учкан чек арачынын жакындары жардамга муктажЫсык-Көлгө күн электр станциясын куруу меморандумуна кол коюлду УКМК Исмаилов менен Алимжановдун диплому жасалма экенин БШКга билдирди Британия Путиндин кыздарын санкциялык тизмеге коштуДепутат Фархат Исмаилов диплому жасалма экенин четке какты