Элеттиктерди бийлетип, ден соолугун чыңдаган Бактыгүл

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

29 жаштагы Бактыгүл Рыспай кызы Бишкектеги ишин таштап, Жумгал районунун Чаек айылында жашап жатат. Ал кыштактагы үйүнүн бир бөлмөсүнө бий борборун ачып, аялдарга сабак өтүп келет. Мындан тышкары 7 жаштан 10 жашка чейинки кыздарга бий үйрөтөт.