7-апрелге карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан учур катталган жок. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, инфекцияны мурда жугузган 89 бейтап ооруканада, 31и үйлөрүндө дарыланууда.
Бир суткада 11 киши айыгып чыкты.
Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 201 миңге чукулдады.
Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго жакын адам алды, ал эми толук эмделгендер 1,2 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден көп кишиге сайылды. (КЕ)
Дагы караңыз
Казакстан 11-апрелден тарта Кыргызстан менен чек ара бекеттерин ачатЭлчилик Орусияда баңгизатка байланыштуу кылмыштар көбөйүп жатканын эскерттиБайден Орусияга киргизилген акыркы санкцияларга комментарий бердиЖапаров: Элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербейбизОрусия украин журналисти Дмитрий Гордонду “экстремисттердин” тизмесине киргизди