ЕККУ Ички иштер министрлигине кызматтык унааларды тапшырды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тарткан сүрөт. 6-апрель, 2022-жыл

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсеси Ички иштер министрлигине жаңы унааларды тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

"Жети унаа милициянын көчмө кабылдамаларына, экөө туристтик-экологиялык полицияга бөлүнгөн. Атайын унаалар борбор калаанын Ленин, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмдөрүнө, Сокулук, Нарын, Лейлек, Сузак жана Алай райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнө тапшырылат", - деп айтылат маалыматта.

Соңку он жылда ЕККУ Ички иштер министрлигине милициянын 39 көчмө кабылдамасын алып берген.

Дагы караңыз

Венгрияны Евробиримдиктин каражатынан ажыратуу жараяны башталдыЕвробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 32 млн. евро бөлөтБШК Шайлообек Атазовго депутаттык мандат тапшырдыАтамбаев: күч түзүмдөрүнө эмес, элге, бейөкмөт уюмдарга ишенсем болмокАба ырайы: Күн ысык болот