Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин бир мандаттуу Свердлов округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы боюна жеңүүчү деп табылган Шайлообек Атазовду Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.
БШК бүгүн, 6-апрелдеги жыйынында Атазовго депутаттык мандат жана төш белги тапшырды.
22-мартта Жогорку сот Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карап, Бишкектин административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган. Бишкектин административдик соту 15-мартта БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин колдогон.
БШК 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.
Талапкер БШКнын дооматын четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттаган жана административдик, кийин Жогорку сотко арызданган.
27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.
Атазов былтыр 28-ноябрдагы шайлоодо Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбековго 2000ге жакын добуш менен утулуп калган. Алар бири-бирин добуш сатып алууга айыптап, сотко чейин кайрылышкан.
Ошондон кийин Атазов Бишкектен кайра талапкерлигин койгон.
"Ата-Мекен" партиясынын тизмеси менен 6-чакырылыштын депутаты болгон.
Дагы караңыз
АКШ жана Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялайтАба ырайы: Күн ысык болотДепутат кен иштетүүдө ата мекендик ишканаларга артыкчылык берүүнү сунуштадыОрусиянын Бухаресттеги элчилигин машине менен сүзгөн адам каза болду