Европа комиссиясы Венгриянын эреже бузуусун териштире баштады.
Бийлик демократиялык нормалардан чегингендиги үчүн өлкө шаркеттин каражаттарынан пайдалана албай калышы мүмкүн.
Тиешелүү жараянды баштоо чечими премьер-министр Виктор Орбан кайрадан парламенттик шайлоону жеңгенден кийин кабыл алынды. Евробиримдик буга чейин көп жылдан бери өкмөт башчыны иммиграциялык саясаты, сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздабаганы, медианын эркиндигин чектегени, мамлекеттик сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуулар үчүн сындап келген.
Еврокомиссиянын 5-апрелдеги маалыматына караганда, бул ирет мыйзам үстөмдүгүн орнотууну караган жаңы механизм колдонулмакчы. Муну менен шаркеттин каражаттарын максатсыз пайдаланууга бөгөт коюу каралууда. Венгрия өкмөтү Еврокомиссиянын жаңы мехнизмди ишке киргизүү кадамын сындады.
Дагы караңыз
Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 32 млн. евро бөлөтБШК Шайлообек Атазовго депутаттык мандат тапшырдыАтамбаев: күч түзүмдөрүнө эмес, элге, бейөкмөт уюмдарга ишенсем болмокАКШ жана Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялайт