Каракол шаардык кеңешинин сессиясында жергиликтүү депутаттар жети мектептин аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алды.
31 депутаттын 28и катышкан сессияда Ысык-Көлдөгү жети акенин (Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Карач аке,Садыр аке, Тилекмат аке, Кыдыр аке) ысымдары №1, 2, 3, 15, 6, 7, 9 мектептерге берилди.
Ал эми саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын Караколдогу №5 мектеп алды.
Бул мектептердин дээрлик баары советтик лидерлер менен орус акын-жазуучуларынын ысымдарын алып жүргөн.
Жети аке 18-19-кылымдарда кыргыздар үчүн татаал мезгилде эл арасынан суурулуп чыгып, өздөрүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы жана көрөгөчтүгү менен ич ара уруулардын биримдигин бүлүндүрбөй, коңшу мамлекеттер менен ынтымакты сактап турган. (KS)
Дагы караңыз
Президент жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзамга кол койдуМариуполдо айыгышкан салгылашуулар улануудаБишкектин бюджети 15 млрд. 22,5 млн. сом деп бекитилди