Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мыйзамдын максаты - жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо.
"Мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат", - деп жазылган маалыматта.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2022-жылдын 17-мартында кабыл алган.
Президент былтыр 25-декабрда жаңы конуштардын тургундарына жолугуп жатып 2022-жылдын 1-апрелине чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жер трансформацияланып, ал жакта жашап жаткандардын үйү мыйзамдаштырыларын айткан.
Мамлекеттик Кадастр мекемесинин жетекчиси Эрнест Сулайманбеков учурда тактоо иштери жүрүп жаткандыгын, 2009-жылга чейин гана берилген жерлер трансформациядан өтөрүн айткан.
Дагы караңыз
Октябрь окуялары боюнча сот отуруму 8-апрелге жылдыДоллардын расмий жана базардагы курсундагы айырма 9 сомго жеттиЧек арада октон каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга өткөрүлүп берилдиДепутат кен иштетүүдө ата мекендик ишканаларга артыкчылык берүүнү сунуштады