Өзбекстанда инвестициялык долбоорлорду каржылоо токтошу мүмкүндүгү айтылды

Өзбекстандын Борборду банкынын имараты. Ташкент, 2017-жыл

Орусияга салынган экономикалык санкциялардан улам Өзбекстандагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратовго таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.

«Негизги соода өнөктөштөрдүн улуттук валюталарынын куну качканы, сумдун да кыска мөөнөттүү девальвациясына алып келүүдө», - деген банкир АКШ доллары менен акча которуулар азайганын кошумчалады.

Нурмуратовдун айтымында, Өзбекстан импорттогон товарлардын, мунай, металл, суу май, дан азыктарынын дүйнөлүк рыноктогу баасы да өсүүдө. Деңиз аркылуу айрым каттамдар татаалдашып жатат.

Жыл башынан бери Өзбекстандын улуттук акчасы – сум АКШ долларына карата 6,8% арзандады.

Дагы караңыз

УКМК жасалма дипломдор тууралуу маалымат бердиОрусча сүйлөөнү талап кылган судьянын ишин Тартип комиссиясы карап жататПхеньян Сеул чабуул койсо, өзөктүк курал менен жооп берерин билдирди"Centerra уулуу калдыктарды таштап кетип жатат" Түрк биримдиги жана Москвага кылчактаган Борбор Азия