Кыргызстанда 2021-жылы 10 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттеги жыйында айтып, балдарды, аялдарды, майыптыгы бар кишилерди жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо өлкөнүн актуалдуу маселеси бойдон калып жатканын билдирди.
"Тактап айтканда, 9038 аял, 311 эркек жабыр тарткан. Алардын 264ү балдар. Зомбулукка кабылган балдардын 140ы эркек, 124ү кыздар",- деди Зулушев.
Зомбулук фактыларынын арасынан сегиз миңден ашууну сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда соңку алты жылда жүздөн ашуун кыз-келин үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон. (SE)