Пхеньян согушка каршы, бирок Түштүк Корея чабуул койсо, алардын армиясын “жок кылуу” үчүн өзөктүк куралды колдонушу мүмкүн. Бул тууралуу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өлкөдө таасирдүү саналган карындашы 5-апрелде билдирди. Ким Ё Чжондун бул сөздөрүн мамлекеттик медиа мисал келтирген.
Үч күндүн ичинде ал ушуну менен экинчи жолу Түштүк Кореянын коргоо министринин комментарийине каардуу эскертүү жасап жатат.
Со Ук 1-апрелде алардын армиясында “Түндүк Кореядагы буталарга тез жана таамай тийүүгө кудуреттүү кубаттуу ракеталар бар” деп билдирген.
Негизги саясий кеңешчи Ким Ё Чжон өзөктү державага каршы алдын алуучу сокку урууну талкуулоо “абдан чоң ката” экенин айткан.
Пхеньян жыл башынан бери ракеталарын сыноону жандаткан.
Сеул жана Вашингтон Түндүк Корея 2017-жылдан бери биринчи жолу өзөктүк куралды сыноого даярданып жатышы мүмкүн деп чочулашат.
Дагы караңыз
Депутат Украинадагы согушка каршы чыккандарга милициянын мамилесин сындадыАк үй: Орусия Украинанын чыгышына сокку урууну пландап жататОшто пенсионерди дубал басып калып каза болду