Ошто пенсионерди дубал басып калып каза болду

Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто турак үйдүн дубалы урап, 75 жаштагы тургунду басып калган.

Кырсык 5-апрелге караган түнү катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, пенсионер жакындары менен байланышка чыкпай, үйүнө келгендерге эшик ачкан эмес. Куткаруучулар каалганы бузуп кирген кезде үйдүн бир жак капталындагы ички дубалы урап, ээсин басып калганын аныкташкан.

Каза болгон эркек кишинин сөөгү урандылардын астынан чыгарылып, милицияга өткөрүлдү. Милиция окуянын чоо-жайын аныктап жатат.

26-мартта Бишкекте курулуштун дубалы урап, үч киши жараат алган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.(KS/AAb)

Дагы караңыз

Отунбаева Кыргызстанда саясий дискуссиялар керектигин айттыИИМ: "Ихсан" кооперативине 2021-жылы кылмыш иши козголгонАк үй: Орусия Украинанын чыгышына сокку урууну пландап жататПакистанда Жогорку сот Хандын аракетинин мыйзамдуулугун карайт