6-апрелде 30 градуска чейин ысык болот

Милянфан айылындагы көл. Чүй облусу.

Кыргызгидромет борбору 6-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,

Талас дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 24...29,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,

Нарын жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндуз 1...6°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 10…12, күндүз 27…29°.

"Азаттыктан" подкаст угуңуз

Кастык тили: адептин медиадагы жүзүНегизги тогуз азык: Кыргызстан үчөө менен гана өзүн камсыздайтКыз-келиндердин жумушта бузулган укугуБөрдвотчинг - туризмдин жаңы багытыАктилек: Кыргызстанды хоккей менен даңазалайм