Улуттук банк мыйзамды жана банктын укуктук талаптарын бузганы үчүн төрт акча алмаштыруучу жайга 55 миң сомдон айып салды.
Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ушундай эле негизде бир коммерциялык банкка айыпка жыгылган.
Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып рублдин куну түшүп, доллардын баасы өсүп кеткен.
Анын таасири Кыргызстанга да тийип, акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар 106 сомго чыкты.
Соңку аптада валюта рыногунда абал олку-солку болуп турат. Өткөн аптада доллардын сомго карата баасы 7% чейин арзандаган.
5-апрелде расмий курс 85,7 деп аныкталган. 2-апрелден бери доллардын курсу сомго карата 5% өскөн.
Ушул күндөрү бир АКШ доллары коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларда 86-88 сомго бааланып жатат.
Дагы караңыз
Кыргыз Эл акыны Омор Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү (видео)Октябрь окуялары боюнча сотто Атамбаев көрсөтмө берүүдөн баш тарттыCOVID-19: Бир суткада тогуз киши айыктыNYT Бучадагы жай тургундарды өлтүрүү орус армиясынын тушунда болгонун жазды