Бишкекте украиналыктарга гумжардам чогултуу иши башталды

Иллюстрациялык сүрөт

"Жардам берүү оңой" (“Помогать легко”) коомдук фондунун негиздөөчүсү Динара Аляева украиналыктарга жардам берүү тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 4-апрелде жазды.

Аляева белгилегендей, азыр украиналыктарга жылуу жууркан, азык-түлүк керек болууда.

“Жөн эле карап отурганга убакыт жок. Ар кандай согуштун баасы - бейкүнөө адамдардын өмүрү! Жардам чогултуп, алсыз бийлигибизге адам болуу эмне экенин көрсөтөлү! Баткендеги чек ара окуясынан кийин биз мындай учурларда эмне керек экендигин жакшы билип калдык.”, - деди Аляева.

Жардам берүүнү каалагандар Бишкектин Жаш Гвардия 71а дарегинде жайгашкан Биринчи балдар хосписине кайрылса болот.

Буга чейин март айынын башында айрым активисттер “Жаша Украина” деген аталыштагы жардам чогултуу өнөктүгүн баштаган.

Уюштуруучулардын бири Айбек Турдалиев Украинанын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган гумжардам эсебине 2300 доллар которушканын билдирди.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең миңдеген адамдар каза тапты, 4 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет.(KS)

Дагы караңыз

COVID-19: Бир суткада тогуз киши айыктыNYT Бучадагы жай тургундарды өлтүрүү орус армиясынын  тушунда болгонун жаздыЕвробиримдик орус дипломаттарын чыгарат