Апрель окуясынын жетишкендиги менен кемчилиги талкууланат

Таластагы 7-апрель курмандыктарына коюлган эстелик.

Бүгүн, 5-апрелде Бишкекте Апрель окуясынын жетишкендиктери менен кемчиликтери тегерек үстөлдө талкуулат. Аны Бириккен деомократиялык кыймылы уюштурууда.

2010-жылы 6-7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой демонстрант каза болгон. Бакиев бийликтен кулап, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-апрелди 2010-жылдагы Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүүнүн урматына дем алыш күн деп жарыялоо тууралуу мыйзамга ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы кол койгон.

Өлкөнү 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев бир нече айып боюнча 2019-жылдан бери камакта отурат.

2021-жылдын 24-декабрында өкмөттүн кеңешмесинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу 23-февралдын, 7-апрелдин жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюу маселеси каралып жатканын билдирген.

Таласта Апрель революциясынын катышуучулары "7-Апрель - Элдик революция күнү" макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбооруна каршы чыккан.

Дагы караңыз

УКМК кылмыштуу топтун мүчөлөрү адам уурдоого шектелип кармалганын маалымдады Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан экспорттоого киргизилген чектөөнү жойдуГареев атындагы ботаникалык бак шаардын балансына өтүшү мүмкүнӨзбекстанда партия лидери “Өлбөс полктун” маршын өткөрүүгө каршы чыкты