Литва жана Латвия Орусиянын элчилерин чыгарат

Габриэлюс Ландсбергис. Прага. 17-март, 2022-жыл

Литванын бийлиги орус элчисин өлкөдөн чыгарууну чечти. Бул тууралуу Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис дүйшөмбүдө билдирди.

Чечимге ылайык, Орусиянын Клайпеда шаарындагы консулдугу да жабылмакчы. Литванын Москвадагы элчиси да мекенине кайтат. Мындай кадам Орусиянын Украинага кол салганы менен байланыштуу жасалууда.

Орусия кандай жооп кайтарары жарыялана элек. Ошол эле маалда дипломатиялык мамилелерди үзүү тууралуу сөз жүргөн жок. Элчи жок маалда дипломатиялык миссияны адатта өлкөнүн убактылуу өкүлү жетектейт.

Ландсбергистин айтымында, Украинадагы элчи жакын арада Киевге кайтып барат. Орус аскерлери Киев облусунан чегине баштаганы кабарланган.

Литва согуш башталгандан бери Орусияны катуу сындаган, катаал санкцияларга чакырып келаткан өлкөлөрдүн бири. Вильнюс Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн арасынан биринчи болуп Москва менен дипломатиялык алакалардын деңгээлин төмөндөттү.

Көп узабай Латвия дагы Москвадагы элчисин чакыртып, орус элчисин чыгарып жиберерин жарыялады.

Дагы караңыз

Октябрь окуясы: Атамбаев сотко алып келинди Кумтөр Кыргызстандын менчигине өттүСадыр Жапаров Кумтөр Кыргызстандын менчигине өткөнүн жарыялады Бийлик Кумтөрдөн 500 миллион доллар киреше алууну пландап жатат