Эл каттоо өнөктүгү аяктап калды

Эл каттоо.

Улуттук статистика комитети 2-апрелде биринчи болуп Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында эл каттоо аяктаганын билдирди.

Ош жана Бишкек шаарларында эл каттоо өнөктүгү 3-апрелде жыйынтыкталды. Статистика комитетинин сайтындагы маалыматка караганда, дагы үч күндүн ичинде, 4-6-апрелинде толуктоочу текшерүү жүргүзүлөт. Кошумча убакыт кайра жазылган тургундарды тактоо максатында берилген.

Республиканын алыскы аймактарында эл каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлөт.

Кыргызстан боюнча 2 миңден ашык кабинет уюштурулган. Бул жолу эл каттоо ишине 28 миң киши тартылып, алар Улуттук статистика комитетине убактылуу жумушка тартылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери үчүнчү жолу эл каттоо өтүп жатат. Ар он жылда өтүп келген өнөктүк бул жолу COVID-19 пандемиясынан улам өз мезгилинен үч жылга кеч өтүүдө. Өнөктүктө өлкөнүн эл жана турак жай статистикасы жаңыланат.

Эгемендүү Кыргызстанда биринчи эл каттоо 1999-жылы болгон. Анда жыйынтыгы боюнча өлкө калкынын саны 4,8 миллион адамды түздү. 2009-жылы эл каттоодон 5,3 миллион адам өткөн. Ал өнөктүктө 10 жылдын ичинде мекенинде «убактылуу жашабаган» кыргызстандыктар алты эсеге көп болгон. (KS)

Дагы караңыз

Негизги тогуз азык: Кыргызстан үчөө менен гана өзүн камсыздайтДепутаттар жеңилдетилген насыя кечигип жатканын сындады“Ихсан” кооперативинин мүчөлөрү нааразылык акциясына чыгышты