Макрон Орусиядан мунай менен көмүр алууну токтотууну сунуш кылды

Буча шаары. 3-апрель, 2022-жылы

Киевдин жака белиндеги шаарчалардагы жайкын жашоочулардын жапырт өлтүрүлүшү тууралуу кабарлар тарагандан кийин Европа биримдиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды салууну караштырууда.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон шаркетте Орусиядан мунай жана көмүр сатып алууну толук токтотууну сунуш кылды. Еврокеңеш тараткан билдирүүдө айтылгандай, орус күчтөрү убактылуу көзөмөлдөгөн Украинанын аймактарындагы жапырт адам өлтүрүү Европанын тарыхында түбөлүккө калат, ал кылмыштар үчүн жоопкерчилик Орусияга жүктөлөт.

Жаңы санкциялар 6-апрелде талкууланмакчы. Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий шаркеттин лидерлерин чукул саммитке чогулууга чакырды.

Саясатчы жаңы санкцияларга Германия каршы болуп жатканын белгиледи. Буга чейин канцлер Олаф Шулц Бучадагы окуяларга байланыштуу Орусияга каршы жаңы чектөөлөрдү кабыл алуу керектигин билдирген.

Москва Киев чагымчыл маалымат таратып жатканын, ал кылмыштарга тиешеси жоктугун айтууда.

Дагы караңыз

Кыз-келиндердин жумушта бузулган укугуТүркмөнстан Орусияга жашылча-жемиш экспортун көбөйтөтНегизги тогуз азык: Кыргызстан үчөө менен гана өзүн камсыздайтДепутаттар жеңилдетилген насыя кечигип жатканын сындадыОрусия Бучадагы окуяларды Коопсуздук кеңеште талкуулоону талап кылды