Орусия Бучадагы окуяларды Коопсуздук кеңеште талкуулоону талап кылды

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны. Нью-Йорк. 27-февраль, 2022-жыл

Орусия Бучадагы окуялардан улам 4-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешин чогултууну талап кылды. Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский билдирди. Дипломат орус аскерлери Киевдин четиндеги Буча шаарчасындагы карапайым элди өлтүргөн деген маалыматты “украин радикалдарынын карандай чагымы” деп атады.

“Украин чагымчылардын жана алардын Батыштагы калкалоочуларынын жүзүн ачабыз”, - деп жазды Полянский Телеграмга.

Өз кезегинде Украинанын президенти Владимир Зеленский да Коопсуздук кеңешинде Орусиянын аракеттерин талкуулоону сунуш кылды.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гуттериш Бучада көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

3-апрелде эртең менен журналисттер жана украин бийлиги Бучанын көчөлөрүнөн ондогон карапайым кишинин сөөктөрү табылганын билдиришкен. Бир катар маалымат каражаттары жарыялаган сүрөттөрдө кээ бир кишилердин колдору байланганын көрсө болот. Шаарча бир айдай орус аскерлеринин колунда болчу.

Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт, видеолорду “кезектеги чагым” деп сыпаттаган.

Дагы караңыз

Казакстанда азык-түлүк кымбаттадыКумтөр кени боюнча Centerra Gold менен келишимге кол коюлатРавшан Жээнбеков уулуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирдиТегеран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүдө Вашингтонду айыптадыУкраинанын президенти Зеленский Орусияны геноцидге айыптады