Жогорку Кеңешинин тармактык комитети бүгүн, 4-апрелде жазгы талаа иштеринин жүрүшүн талкуулап, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун аткарылышы боюнча маалымат укту.
Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев долбоордун алкагында дыйкан-фермерлерге “Айыл Банк”, “РСК Банк” аркылуу 6% жеңилдетилген насыялар берилип жатканын айтты. Ошондой эле эгиндердин үрөндөрү Орусиядан сатылып алынып, “Айыл Банк” аркылуу дыйкандарга 2 жылга 4,5% үстөк (жылдык) менен берилип жатканын кошумчалады.
Талкуу учурунда депутаттар жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканын, банктарда кезек күтүүлөр арбын экенин сындашты. Алар насыяларды төлөөдө мөөнөтүн 6 айдан 12 айга чейин узартууну сунуштады. Эл өкүлү Максат Сарбагышев ар кандай документтерди, маалымкаттарды чогултуу зарыл болгондуктан, банктар аркылуу үрөн алуу кыйын болуп жатканын белгиледи.
Өкмөт 24-мартта "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 млрд. сом жана “РСК Банкына” 4,5 млрд. сом бөлүү тапшырылды. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленди.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген.
Дагы караңыз
Равшан Жээнбеков уулуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирдиТегеран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүдө Вашингтонду айыптадыУкраинанын президенти Зеленский Орусияны геноцидге айыптадыHRW орус аскерлеринин согуш кылмыштары тууралуу докладын жарыялады