Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

Нурил Алымбаев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нурил Алымбаев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жаңы жетекчини жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды.

"Жаңы жетекчинин алдында президенттин жарлыктарын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин мындан ары ишке ашыруу үчүн көп түйшүктүү иштер турат. Аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн чечкиндүү жана натыйжалуу кадамдарга барып, инвестицияларды тартуу жана өндүрүштөрдү түзүү керек. Эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн бардык ыйгарым укуктар бар", - деп белгиледи Жапаров.

49 жаштагы Нурил Алымбаев өткөн жылдын жай айларынан бери президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келген.

Аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоо жөнүндө жарлыктарга президент кол коет. (KS)

Дагы караңыз

"Грэмми" аземинде Зеленскийдин кайрылуусу көрсөтүлдүАтамбаевдин абалы начарлап, "Тез жардам" алып кеттиМедициналык камсыздандыруу системасы реформаланатПрезиденттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду