Атамбаевдин абалы начарлап, "Тез жардам" алып кетти

Мурдагы президент Алмазбек Атабеавге келген "Тез жардам" унаасы. Биринчи май райондук соту, 4-апрель.

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча сот отуруму өттү. Сот отуруму бүткөндөн кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап, "Тез жардам" чакыртылган.

Алмазбек Атамбаев сотто журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ага жасалып жаткан мамилени "майдачылдык" деп атаган. Ал анын түрмөдөгү шарты Сооронбай Жээнбеков тушундагыга караганда жакшы экенин айткан.

Буга чейин 23-мартта Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинеден чыгуудан баш тартып, отурум 30-мартка калтырылган. Анын адвокаты жана жакындары ал сотко мажбурлап жеткирилгенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазып, мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин билдирген. (KS)

Дагы караңыз

Next TV телеканалы эфирин калыбына келтирүү аракетин көрүүдөПрезиденттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулдуОктябрь окуялары боюнча сот ачык өтүп жатат