Медициналык камсыздандыруу системасы реформаланат

Иллюстрациялык сүрөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө чоң команда иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин республикалык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын чаралар көрүлө турганын кошумчалады.

Президенттин айтымында, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады. Аны менен категориялар үчүн төлөмдөр сакталып калган.

2021-жылдын башында Саламаттык сактоо министрлигине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кошулган.

Саламаттык сактоо министринин айтымында, министрликттин жалпы бюджети 2022-жылы 20 млрд. сомду түзгөн. Анын 14 млрд. сому Милдеттүү камсыздандыруу фондуна тийиштүү. Министр ушул жылдын 1-апрелинен тартып медицина кызматкерлеринин айлыгы 50% көтөрүлө турганын билдирген.

Дагы караңыз

Президент чыгымдарды азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырдыОктябрь окуялары боюнча сот ачык өтүп жататПрезидент апрелден тарта айлык көтөрүлө турган тармактарды атадыПрезиденттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду