4-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордогу капчыгай, ашууларда кар көчкү коркунучу бар. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 22…27;
Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 7…9, күндүз 23…25° жылуу болот.
Дагы караңыз
Литва биринчилерден болуп Орусиянын газынан баш тартты"Белизгейт": Сегизбаев айып пул менен абактан чыкты Согушка каршы акцияга чыккандардын иши сотто каралууда “Бакиевдин инилери сырттан башкарабыз дешкен” “Токойлор көбөйсө, мөңгүлөр сакталат”