Бүгүн, 3-апрелде Биринчи Май райондук сотунда 2-апрель күнү Украинадагы согушка каршы Горький паркына митингге чыккандардын иши каралууда. 20 чакты адамдын баарына Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси ("Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө") боюнча иш козголгон.
Жарандык активисттердин укугун сотто "Кылым шамы", "Демократия жана атуулдук коом үчүн" жана башка коомдук уюмдардын адвокатттары коргоп жатат.
"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын "Азаттыкка" билдиргендей, активисттердин ишин 2-3төн бөлүп карап жатышат:
"Биздин адвокаттар соттун мындай тартип менен жүрүшүнө каршы өтүнүч беришти. Бирок биздин адвокаттын өтүнүчү канааттандырылган жок. Милициянын негизги аргументи - митингдерди үч айга чейин тыюу тууралуу 1-апрелдеги соттун чечими. Бирок, биринчиден, Кыргызстандагы мыйзамдарга ылайык, соттун чечими 24 сааттан кийин гана күчүнө кирет. Демек, күчүнө кирбеген соттун чечими бул иште аргумент болуп бере албайт. Экинчиден, милиция "митингчилер элчилик тарапка барууга аракет кылды, милиция кызматкерлерине баш ийген жок" деп атат. Сотто дээрлик ар бир катышуучу элчиликке жөө жүрүш менен баруу максаты болбогонун, милиция кызматкерлерине эч кандай каршылыксыз, автобуска каяшасыз эле барып отурганын айтып жатышат".
2-апрелде Бишкекте Украинадагы согушка каршы митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Горький гүлбагына чогулган жарандык активисттер "Согушту токтот!", "Согушка жол жок!", "Путин, согушту токтот!" деген жазууларды кармап турган. Аларга милиция кызматкерлери келип, митинг өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынганын эскерткен. Көп өтпөй митингчилерди кармап, Биринчи май райондук милициясына алып барышкан.
Ушул эле гүлбакта түшкө чейин Орусияны колдогон он чакты адам митингге чыккан. Аларга милиция да, бийлик өкүлдөрү да тыюу салынган чечим бар экенин айткан эмес.
Бишкек милициясы 2-апрелде Горький гүлбагынан кармалган митингчилер Орусиянын элчилигине чейин жөө жүрүш менен баруу максатында чагымчылдык кылып, милициянын эскертүүсүнө кулак салбаганы үчүн кармалганын маалымдады. Бирок митингчилер өздөрү, ал жердеги журналисттер жөө жүрүш тууралуу сөз да болбогонун белгилешүүдө.
Милиция Орусияны колдоп чыккандар Горький гүлбагында митингди тынч өткөрүп, тарап кетишкени үчүн аларга чара көрбөгөнүн билдирди.
5-мартта Орусия элчилигинин алдында жарандык активисттер тобу Орусиянын Украинада согуш жүргүзүшүнө каршы акция өткөрүшкөн. Алардын бири Мирлан Асакеевди милиция кармап кетип, Жазык кодексинин "Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренесинин негизинде 3 миң сом айыппул салган.
7-мартта ошол эле жерде Орусияны колдогон акция өткөн, анда кармоо болгон эмес.
Бишкек милициясынын Орусиянын элчилигинин, парламент жана өкмөт имараттарынын, борбордук аянттын аймагында 11-марттан 11-апрелге чейин акция өткөрүүгө тыюу салган чечимин 16-мартта Биринчи май райондук соту күчүндө калтырган.
17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова элчилик алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен. Кийин сот үчөөнө 3 миң сомдон айыппул салган.
Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адамдар каза таап, 4 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.
Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин айтып келет. (ZKo)
Дагы караңыз
Курула элек полигон, сарпталып кеткен миллиондор Орус аскерлеринен бошотулган Бучада жай тургундар көп өлгөнү кабарландыЖМК: АКШ Орусиянын согуштук планы тууралуу маалыматты Украинага бергенМилиция акцияда кармалгандар боюнча түшүндүрмө бердиОрусияда согушка каршы чыккан 200дөй кишини кармаштыБишкекте Украинадагы согушка каршы чыккандарга иш козголдуТокаев менен Путин согуш башталгандан бери экинчи ирет телефондон сүйлөштү