Сербияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат

Добуш берүү кутучасы. Белград, Сербия. 3-апрель, 2022-жыл.

Сербиялыктар 3-апрелде президентти жана парламент депутаттарын шайлап жатышат. Мындан тышкары борбор калаа Белград баштаган бир катар муниципалиттерде да шайлоо жүрөт. Президенттикке ат салышкандардын катарында азыркы мамлекет башчы, орусиячыл Александр Вучич да бар. Алдын ала сурамжылоолор ал дагы беш жылга шайлануусу ыктымалдыгын көрсөтсө, парламенттик шайлоодо да Вучичтин Серб прогрессивдүү партиясы басымдуулук кылары болжолдонууда.

Атаандаштары өлкөнү беш жыл башкарган убакта Вучич бийлигин бекемдеп алганын айтышууда. Оппоненттери ал сөз эркиндигин көзөмөлдөп, өкмөттү колуна алганына нааразы.

Demostat компаниясынын сурамжылоосу көрсөткөндөй, шайлоочулардын 43% добуш берүү адилеттүү болоруна ишенбейт.

Вучичтин башкы атаандашы мурдагы аскер башы Здравко Понош — отставкадагы генерал. 60 жаштагы Понош "европага ыктагандардын талапкери".

Белграддагы Эркин шайлоо жана демократия борборунун директору Божан Клакар булардын шайлоодо жеңишке жетиши күмөндүү экенин билдирди.

Freedom House эл аралык укук коргоо уюму Вучичтин бир нече жылдан берки башкаруусунда Сербия демократияда артка кеткенин жарыялаган.

Дагы караңыз

Курула элек полигон, сарпталып кеткен миллиондор Орус аскерлеринен бошотулган Бучада жай тургундар көп өлгөнү кабарландыКоронавирус 13 адамдан аныкталды, бир өмүрдү алып кетти ЖМК: АКШ Орусиянын согуштук планы тууралуу маалыматты Украинага бергенКадамжайда магистралдык каналдын курулушу башталды"Маралдын мүйүзүн алдырат". Путиндин ден соолугу талкуудаМилиция акцияда кармалгандар боюнча түшүндүрмө берди