Орус аскерлери бир айдан ашык ээлеп турушкан Буча шаарында ондогон, балким жүздөгөн жай тургундар набыт болгону кабарланууда. Украин аскерлери шаарга 1-апрелде киргенден кийин соцтармактарда Бучадагы көчөдө өлүп жаткан адамдардын сөөктөрү тартылган сүрөттөр менен видеолор пайда болду.
Ишембиде шаарга Reuters менен AFP агенттигинин кабарчылары да кирген, алар да көчөлөрдө жай тургундардын сөөктөрү көп экенин ырасташты.
Өлгөндөрдүн айрымдарын туугандары тааныган. Алардын көпчүлүгү минага жарылып набыт болсо, арасында башына атылган октон өлгөндөрү да, колдору таңылган боюнча өлгөндөрү да бардыгы айтылууда. Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк аларды орус аскерлери өлтүргөн деп божомолун "Твиттерге" жазды.
Буча шаарынын мэри 300дөй сөөк бир мүрзөгө коюлганын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги Reuters агенттигинин Бучадагы кыргын тууралуу суроосуна жооп бере элек.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.
Дагы караңыз
Кадамжайда магистралдык каналдын курулушу башталды"Маралдын мүйүзүн алдырат". Путиндин ден соолугу талкуудаМилиция акцияда кармалгандар боюнча түшүндүрмө бердиОрусияда согушка каршы чыккан 200дөй кишини кармаштыБишкекте Украинадагы согушка каршы чыккандарга иш козголдуКармалган митингчилердин соту 3-апрелде болотТокаев менен Путин согуш башталгандан бери экинчи ирет телефондон сүйлөштү